С.РЫСКУЛОВДУН "КАШКА АТ, КАРАГЕР ЖОРГО” ПОВЕСТИНДЕГИ КАЗАК КЫЗЫ УУЛТАЙДЫН ТАБЕРИГИ
Loading...
Date
2016
Authors
Journal Title
Journal ISSN
Volume Title
Publisher
Suleyman Demirel University
Abstract
Элибизде жакшы кеп бар, “жети элдин тилин бил, жети түркүн өнөр бил демекчи, андыктан ата-бабабыз аркалаган өнөрлөрдүн бири саяпкерлик, ал эми анын сырларын чагылдырган Сардарбек Рыскуловдун “Кашка ат, карагер жорго повести жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Адамдарды бири-биринен айырмалап турган нерсе ысымы жана мүнөзү болсо, ал эми бул стили. Ар бир көркөм сөз өнөрүн жазуучуларды бири-биринен өзгөчөлөнтүп турган аркалаган чыгармачыл адамдардын аты аталганда эле, ага улай анын стили эсине түшөт. Жазуучу Сардарбек Рыскуловдун жазуу стилинин өзгөчөлүгү анын жаратылышка ото жакындыгында, же болбосо жаратылыш бул автордун стихиясы десек да болот. Себеби, жазуучунун чыгармасынын дээрлик көбү табият тартуулаган жаныбарлар: алгыр куштар, ок жетпес күлүктөр, акылдуу иттер, ошондой эле көндүм болбогон түлкү ж.б. айбанаттарга арналган. Алдыда сөз боло турган “Кашка ат. карагер жорго" повести аты айтып тургандай эле, "минсе унаа, жесе эт, ичсе кымыз" деген мүнөздөмөгө ээ жылкы жаныбары туурасында жазылган.
Description
Keywords
Кашка ат, карагер жорго" повести, тил, адабият.
Citation
Сардарбекова Э. / С.РЫСКУЛОВДУН "КАШКА АТ, КАРАГЕР ЖОРГО” ПОВЕСТИНДЕГИ КАЗАК КЫЗЫ УУЛТАЙДЫН ТАБЕРИГИ / Suleyman Demirel University / СДУ ХАБАРШЫСЫ 2016. No1(36)